Саясат

Жапаров Сан-Маринонун Капитан-регенттерин Республиканын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Сан-Марино Республикасынын Капитан-регенттери Жанкарло Вентурини жана Марко Николинини Сан-Марино Республикасынын улуттук майрамы – Республиканын түзүлгөн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Сан-Марино өнүккөн жана демократиялык коомду куруу менен бирге көп кылымдан бери жогорку руханий баалуулуктарды сактап келген Европадагы байыркы мамлекет болуп саналат.

Кыргыз Республикасы менен Сан-Марино Республикасынын ортосунда түзүлгөн достук мамилелерди канааттануу менен белгилейм. Эки өлкөнүн биргелешкен аракеттери менен эки тараптуу диалогдун жогорку деңгээлине жетишебиз деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Президент Капитан-регенттерге бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик иштеринде ийгиликтерди, ал эми Сан-Марино элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button