«Кумтөр» кенинин айланасындагы кырдаалды курчутууга кимдер кызыкдар болууда?
Жакында «Кумтөр» менен «Центерранын» ортосунда соттук иштер башталганын турат.
Мурда КР бийлиги эл аралык доолордон жана кенди өз алдынча иштетүүдөн чочулап, улутташтыруудан баш тартып келди. Бул албетте, «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу жагдайды курчутту.
Натыйжада, азыркы бийлик быйыл май айында активдүү аракеттерге барып, экологиялык талаптар бузулган шартта алтын кенин убактылуу тыштан башкарууга алып, аны парламент дагы колдоп берди жана буга чейин кенди иштетип келген «Кумтөр голд компани» ишканасына карата жергиликтүү сот тарабынан экологиялык нормаларды сактабагандыгы үчүн 3 миллиард доллар, камсыздаруучу төгүмдөргө байланыштуу карыздары үчүн 25 миллион доллар өндүрүү чечими чыкты.
Бирок, кенди өз менчигиндей пайдаланып келген «Центерра» учурда азуусун кайрап, Кыргызстан тарапка муштум көрсөтүп турган чагы. Бул канадалык компания кыргызстандыктарга өз кайрылуусун да жолдоп, өлкө бийлигинин аракеттери өлкөнүн экономикасына жана инвестициялык климатка коркунуч туудурарын белгилеп, ошол эле учурда диалогго барууга даяр экендиктерин айтып, айлалары кеткенде банкроттук жол-жоболорду баштап, Нью-Йорктун Түштүк округунун сотуна кайрылып, бирок тиешелүү майнап чыкканы жок.
Ошентип, алдыда дагы көп соттук тирештер улана турган абал жаралды.
Адистердин айтуусунда, Центерра ишканасынын өндүрүшүнүн 70 пайызын Кумтөр түзөт. Андыктан, канадалык компания акыры Кыргызстан менен макулдашууга барат.
Деген менен учурда Центерра Кыргызстанды буттан чалуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Акыркы учурлардагы күйүүчү майга болгон баанын өсүшү дагы дал ушул алтын кенине байланыштуу болушу мүмкүн деп дагы божомолдоого болот. Анткени, Центерра Россия аркылуу алтынды сатыкка коюп келген. Азыр Кыргызстан алтын куймалары тышка чыгарбастан Улуттук Банкка гана сатып, өзүбүзгө пайдалануунун аракетин көрүп жатат. Мындай аракеттер алтын-валюталык резервдерди кайра бөлүштүрүлүшүнө алып келип, инвляциянын күчөшүнө дагы шарт түзүп жаткандай. Мындай жагдайлардан улам орустар тараптын дагы бизге кыйгач карап, майдын баасын көтөрүп жиберишти деген пикирге токтолсок да болот.
Аз келгенсип, «Кумтөр» алтын кени биздин айрым оппозициялык маанайдагы саясатчыларга дагы курал болуп турат. Айрымдары эл аралык сотто Кыргызстан утулуп калса андай болот, мындай болот дешип, обу жок пикирлерин айтып, элдин бүгүнкү бийликке болгон мамилесин бузуунун аракетин көрүп жүрүшөт.
Жашыруун эмес, айрым саясатчыларды жана уюмдарды Центерра каржылап, өз кызыкчылыгына иштетип, кенди кайтарып алуунун аракетинде. Мындайда улуттун кызыкчылыгын ойлобогон саясатчылардын алысты көрө билбеген сокурлугу, Центеррага болгон көз карандылыгы, коркоктугу, а балким, кыргыз элине болгон чыккынчылыгы, саткындыгы таң калтырат.
Аталган алтын кенди азыркы убакта жетектеп жаткан жетекчилердин сөзүнө таянсак, Центерра мыйзам алдындагы алсыздыгын түшүнүп, аргасыз Кумтөр Голд компанинин убактылуу тышкы башкаруучуларынын аброюна шек келтирүү максатында бардык ыкмаларды колдоно баштады. Алар кырдаалды курчутуу, элди дүрбөлөңгө түшүрүү максатын көздөп жаткандыгы, ошол себептен карьердеги суу тууралуу маалыматтарга окшогон маалыматтарды интернет аркылуу таратып, ушундай жолдор менен элдин маанайын бузууну көздөп жаткандыгы белгиленет.
Ошондуктан, дүйнө бизди тыштан сынап карап турган учурда элибиз, жерибиз үчүн бир муштумга биригип, ынтымактуу болгонубуз, тыштан болуп жаткан таасирлерге абайлап мамиле жасаганыбыз дурус. Кыргызстан биздики.



