Россиялык ырчы Андрей Губин ден соолугу өтө начарлап баратканын айтты

Россиялык ырчы Андрей Губин Египеттен дарыланып, Россияга кайтып келгенден кийин оор илдети боюнча айтып берди. Бул туурасында Россиядагы “Бешинчи каналга” берген маегинде белгилүү болду.

Губин бир топ мезгил чет мамлекетте жүрүп, андан кийин мекенине кайтып келгени, ден соолугу, азыркы абалы туурасында кеп кылган.

“Тирүү туруп чирип бара жаткан кишинин абалы, бул руханий жактан эмес, дене боюңдун начарлашы… Өзүмдү абдан жаман сезип жүрөм”, — деген артист.

Губиндин айтканына караганда, май айына чейин Россияда жашап турмай болгондуктан учурда үй издеп жатат.

“Балким эми ырларды да алып чыгармын”, — деп кошумчалаган ырчы.

Артист 2000-жылдардан тарта неврологиялык илдет — сол жак беттин прозопалгия оорусу (бетте пайда болгон, жанды кыйнаган катуу оору) менен жабыркап келгени маалым. Илдеттен улам ал элге көп көрүнбөй оолактап, чет мамлекетте жашап жүргөнүн айтканы бар.

Андрей Губин 1990-жылдары атагы далайга тараган ырчы болгон. “Мальчик-бродяга”, “Милая моя”, “Зима-холода”, “Лиза” сыяктуу ырлары коомчулукка кеңири тараган. Ал 2000-жылдардын ортосунан тарта экрандан жок болуп кеткен.