Коом

Коронавирус жуктурганардын саны азайып бара жатат. Статистика

Кыргызстанда 13-сентябрга карата коронавирус 68 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 31,
Ош шаарында – 3,
Чүй облусунда – 15,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 8,
Жалал-Абад облусунда – 4,
Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 95 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 649 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 226 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 574 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button