Москва шаарына 200 миңдей куруучу жетишпей жатат

Ушул тапта Москва шаарынын курулуш тармагында 200 миңдей жумушчу жетишпей турат. Бул тууралуу “Известия” басылмасына маек берип жатып калаанын вице-мэри Владимир Ефимов билдирди.

“Биз жакын арада өлкөгө чет элдиктерди киргизүү боюнча эрежелер жеңилдейт деп үмүт артып жатабыз. Жумушчу күчтүн жетишсиздигинен биринчи кезекте курулуш компаниялары жабыр тартууда. Айрым учурда алар бири-биринен жумушчуларды алып, мунун айынан кызматтын акысы жогорулап кетип жатат”, — деди мэрдин орун басары.

Ошондой эле ал бир нече жылдан бери бир калыпта кармалып келген турак жайдын баасы пандемия учурунда бир топ кымбаттап кеткенин кошумчалады.