Коом

COVID-19: Кезектеги толкунунда балдар көп оорушу мүмкүн

Коронавирустун күздөгү толкуну жайкысынан көп айырмаланбайт, бирок окуу башталгандыктан балдар көбүрөөк ооруп баштайт. Бул туурасында РИА Новости «Инвитро-Сибирь» клиникалык-диагностикалык лабораториясынын башкы дарыгери Андрей Поздняковдун айтканына таянып билдирди.

«Өткөндөгү толкундан күздөгүсү өтө деле айырмаланбайт. Бирок андан азайып кетпейт. «Дельта» штаммы ошондой эле басымдуулук кылат, балким ага жайында ооруну көбөйтүп жиберген «дельта-плюс» кошулушу мүмкүн. Албетте, жашына карабай илдетти тез кабыл алган адамдар ооруйт», — деген Поздняков.

Адис, андан сырткары, сезондук инфекциялык оорулар кошул-ташыл болорун эскертти. Ал вирустун күз-кышта болуучу сасык тумоолор, респиратордук оорулар менен айкалышып кетүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Дарыгер бир учурда алардын жугуп калышы мурда коронавирустун «жапайы» деп аталган штаммына байланыштуу болгонун түшүндүрдү.

Кыйынчылык жайкы мезгилге карата азайып кетпестигин айтты.

«Окуу жылы башталып, бала бакчалар иштей баштагандыктан балдар арасында коронавируска чалдыккандар көп болот», — деген адис.

Поздняков вакцина алгандар дагы коронавируска кабылышы мүмкүндүгүн, бирок иммунитети жокторго караганда оор өтпөй тургандыгын жана бейтаптар ооруканага жатып калбастыгын айткан.

«Пандемиянын жаңы толкуну биздин эсептөөлөргө таянсак, мурдагылардай эле 2-3 айга созулат. Бүгүн дарыгерлер былтыркыга салыштырмалуу даяр болуп калышты. Эгерде калктын баары эпидемиологиялык иш-чаралардын негизги делген эрежелерин бекем сактоону улантса, локдаун болбойт», — деген Поздняков.

Башкы дарыгер дагы бир ай оору көбөйбөй, абал тынчыраак болуп турарын жана бул учурда эл эмне кылышы керектиги боюнча кеңеш берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button