Айзада Канатбекованы ала качууга айыпталгандар 7 жылга чейин соттолду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Айзада Канатбекованы ала качуу боюнча соттун чечими чыкты. Бул тууралуу судья Салтанат Есенкулова айыпталып жаткан беш кишиге өкүмүн угузду.

Замирбек Раманкулов менен Кубаныч Токон уулу алты жылга, Ажыкабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Андан тышкары соттолгондор Айзаданын үй-бүлөсүнө 100 миң сом төлөп бериши керек.