Саясат

Марипов Мишустинге телефондон көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Россия элине Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетиндеги адам өлүмү менен коштолгон куралдуу кол салууга байланыштуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Марипов кесиптеши Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жүрүшүндө ал кырсыктын натыйжасында жабыркагандардын айыгып кетишин каалады.

«Сүйлөшүү алкагында алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтүүчү өкмөт башчылар деңгээлиндеги жолугушууларды талкуулады», — деп айтылат билдирүүдө.

Марипов, ошондой эле, кесиптешин 2021-жылдын 17-19-сентябрында өткөн Мамлекеттик Думага шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button