Россияда дайынсыз жоголгон учактагы адамдар каза болгондугу маалымдалды

Россиянын Хабаровск крайында дайынсыз жоголгон АН-26 учагынын 6 экипажынын алдын-ала маалыматтар боюнча бардыгы каза болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, авиакырсыктан аман калгандар жок”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда учактын кулаган жерин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. Учакты издөөгө Ми-8 тик учагы,140 адам жана 35 техника тартылган.

Эске салсак, кечээ, 22-сентябрда АН-26 учагы Хабаровсктон 38 чакырым алыстыкта радардан жоголгон. Учакта экипаждын 6 мүчөсү бар болчу.