Коронавирус. 59 адамдан аныкталып, эки бейтап каза тапты

Кыргызстанда 27-сентябрга карата коронавирус дагы 59 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 33,
Чүй облусунда – 9,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 9,
Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 491 бейтап, амбулатордук түрдө 834 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 317 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 912 киши айыгып чыкса, 2 602 адам каза болду.