Пайдалуу кеңештер

Сергек жүрүүнүн сыры эмнеде? Адистин кеңеши

Адамга энергия менен күчтү биринчи кезекте толук кандуу уйку берет. Организм максималдуу түрдө эс алсын десеңиз түндө сегиз сааттан кем уктабаш керек. Бул тууралуу психолог Наталья Лапшичеванын айтымына таянып РИА Новости жазды.

«Белгилүү бир убакытта уктап көнгөн оң. Эгер адам саат 22:00гө чейин жатса, анда ал бат уктап калат дагы организм жакшы эс алат. Биологиялык саатты эч ким жокко чыгарган эмес. Ошондуктан дал ушул убакытта уктаса, серотонин менен мелатониндин деңгээли жогорулайт. Саат 22:00дөн таңкы 4-5ке чейинки убакыт уйку үчүн эң сонун маал», — деген адис.

Психолог убагында жатууга мүмкүнчүлүгү болбогон адамдарды күндөлүк жазууга чакырган.

«Адам ачкан күндөлүгүнө энергиясы кимге, кайда кетип жатканын жазышы керек. Ошондой эле аны кимден, эмнеден аларын да белгилегени туура», — деген ал.

Лапшичева күндөлүккө энергия, күч-кубат берген тамак-аш, адаттарды да кошуп жазуу керектигин, кийин аны текшерип, байкап көрүүнү сунуштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button