Утту! Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Жарым финалдык кармашта ал украиналык Илона Прокопевнюкту утуп алды.

Беттеш 5:2 эсебинде аяктады. Украиналык команда акыркы аракеттерди кайрадан караганы үчүн Айсулууга дагы 1 упай берилди.

Айсулуу буга чейин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип утту. Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде уткан.

Эми Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен кармашат. Финалдык кармаштар эртең, 5-октябрда, болот.