Спорт

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаса, жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде жеңди.

Тыныбекова финалдык беттеште америкалык Кайла Коллинди 7:0 эсебинде утуп алды.

Буга чейин аталган мелдеште эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медалды багындырган.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстанда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында да алтын медаль багындырган.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button