Маданият

Ырчы Анжелика нааразычылыгын билдирип, Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

2020-жылдын 5-6-октябрдагы окуяларды баяндаган «Адилет» телесериалы КТРКнын эфиринен алынды. Бул туурасында ырчы Анжелика билдирип, сериалды эфирден алуунун себеби белгисиз экенин жазды. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«24 сериядан турган, элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден белгисиз себептер менен алынды. Себептерин билгибиз келет. Эл үчүн иштеген режиссёрлордун ишин баалап коюуңузду өтүнөм. Уят сөздөр менен тартылган комедия жанрындагы милицияны шылдыңдаган тасмаларга эскертүү берилсе туура болмок. Бирок биздин максат милициянын аброюн көтөрүү эле. Ушундай иштер болуп жатканын кимге айтарыбызды, даттанарыбызбы билбей отурабыз.

Азыр биз, жаштар элди маданиятка чакырып, элдин ичиндеги көйгөйлөрдү жакшы мисал, мотивация менен гана чече алабыз. Башка өлкөлөрдө ээн баштар менен күрөшүү үстүндө — ажолору тасмаларды буйрутма кылып, мамлекеттик кызматкерлердин аброюн көтөртүп келишет. Биз миң эшикти каккыладык, бир дагы патриотту таппадык! Баары «акча таппасаңар», «эмне кыласыңар милицияны мактап тартып» дегенине карабастан аягына чыктык.

Кайдан жаман милиция пайда болот? Аны кандай жепжутарлар жаратат? Баары эле сатылып кеткен эмес. Ачуу чындык, кыйынчылыктар! Кызмат өтөп жатып курман болгондор тууралуу сериал. Бир тамчы дагы милицияга болгон терс пикир жок!

Бир ай мурун ички иштер министри, орун басары болуп тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканбыз. Анда болгону жаңы имараттарды кошкула деген сөз болгон. Бир жыл мурун сериал тартып жатканда жок имараттарды азыр сериалга кошушубуз үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт?
Мен өз чөнтөгүмдөн 30 миң доллар акча сарптадым», — деген ал.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан тыюу салбаганын белгилешти. «Биз бул сериал боюнча милициянын кадыр-баркына шек келтирген эпизоддор боюнча гана өз пикирибизди билдиргенбиз. Эфирден алып салгыла деген болгон эмес», — дешет.

Белгилей кетсек, «Адилет» телесериалы 4-октябрдан тартып КТРК телеканалында көрсөтүлө баштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button