Жуманазарованын беттешинин жыйынтыгына РФтин машыктыруу штабы нааразы экенин билдирди

Россиянын машыктыруучу штабы Ослодогу дүйнө чемпионатынын жарым финалында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова менен россиялык Ханум Велиеванын беттешине калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын РФтин Күрөш федерациясы кабарлады.

Эске салсак, кечээ, 6-октябрда, Жуманазарова финал үчүн кармашта Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан кыз жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.

“Биз нааразычылык билдиребиз. Жөн жерден эле олуттуу ката кетиришти. Таблодогу көрсөткүч боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу. Калыстыкты жоопкерчиликтүү жана туура ой калчаган адамдар аркалашы керектигин карап чыгууга негиз бар”, — деген Россиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили.

Велиева бүгүн коло медаль үчүн америкалык Тамира Сток Менса менен кармашат.

Ал эми финалда Жуманазарова япониялык Рин Мьядзи менен кез келет.