Коом

Ташиев: уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп көрсүн, жанчыйбыз

Уюшкан кылмыштуу топтор башын көтөрсө жанчыйбыз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте кылмыштуулук боюнча жооп берип жатып билдирди.

«Түштүктө өзүнчө, түндүктө өзүнчө мафия бар. Бири мыйзамдагы ууру, экинчиси «положенец» болуп, керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга басым кылып, мамлекеттик ишканаларга кол сала баштаган. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби же башкасы башын көтөрүп көрсүн, жанчыйбыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле бир жыл мурун мамлекетти бүт кылмышкерлер, айрыкча уюшкан кылмыштуу топтор орноп алганын айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button