15 мүнөттө даяр болот. Москвада мигранттар COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшыра алат

Москвада COVID-19ду аныктоо үчүн акысыз экспресс-тесттерди тапшыруу жайларынын кызматын эмгек мигранттары дагы колдонсо болот. Бул тууралуу россиялык инфекционист, медицина илимдеринин кандидаты Евгений Тимаковго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Дарыгер экспресс-тест ПЦР-анализден эмнеси менен айырмаланарын жана анын кандай зарылдыгы бар экенин түшүндүрүп берген.

“Экспресс-тесттин жыйынтыгы 15 мүнөттө даяр болот. Бирок юридикалык күчү жок. Ал вирустун бар же жогун аныктоо максатында гана жасалат. Эгер жыйынтыгы вирус бар деп чыкса, диагноз коюу үчүн баары бир ПЦР-тест тапшыруу зарыл. Негизги максат — адамдын жөнү жок эле ПЦР-тест тапшырып, акчасын жана убактысын коротуусун алдын алуу”, — деди Тимаков.

Ошондой эле ал мигранттар бул тестти кантип тапшырса болорун айтып берди.

“Акысыз экспресс-тестти чет элдиктер деле тапшыра алат. Болгону иштөөгө урусат кагазы жана убактылуу болсо дагы медициналык полиси болушу шарт”, — деди адис.

Учурда мындай жайлар Москванын мектептеринде жана коомдук жайларда эксперимент иретинде ачылды.