Кайрат Иманалиев КТРК жетекчисинин милдетин аткармай болду

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Бактияр Алиев өз каалоосу менен иштен кетип, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Кайрат Иманалиев дайындалды. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин өкүлдөрү билдирди.

“Бүгүн Бактияр Алиев өз ыктыяры менен иштен кетүү боюнча арызын жазып, биз аны кабыл алдык. Учурда жетекчинин милдетин Кайрат Иманалиев аткарып турмай болду. Жакында башкы директордук кызматка сынак жарыяланат”, — деди Караман.

Алиев бул кызматты былтыркы жылдын декабрь айынын аягынан бери аркалап келе жаткан. Ал эми Кайрат Иманалиев буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеп, өкмөттүн жаңы курамына түзүлгөндө иштен бошотулган.