«Талибан» кыймылынын делегациясы Өзбекстанга келди

«Талибандын» өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткарып жаткан Абдул Салам Ханафи баштаган делегация 16-октябрда Өзбекстандын Термез шаарына келди.

Бул талибдер 15-августта Ооганстанда бийликти басып алгандан бери жогорку даражалуу өкүлү Өзбекстанга сапар жасаган алгачкы учур.

Ханафи менен сүйлөшүүлөрдү өзбек тараптан премьер-министрдин орун басары — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умрзаков жетектөөдө.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, Ханафинин сапары буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну көздөйт.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 7-октябрда Кабулга жумушчу сапар менен барып, бир катар макулдашууларга кол коюлган. Камилов анда «Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушкан.

«Талибандын» Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал жолугушууда транзит, энергетика жана соода маселелери талкууланган.

Абдул Салам Ханафи — этникалык өзбек. Буга чейин «Талибандын» Катардагы кеңсесиндеги жетекчилердин бири болгон.