Россияда Өзбекстандын мигранттары белгилүү футболчуну өлтүрө сабап салышты

Россиянын Калуга облусунда Өзбекстан жарандары “Ермак” футболдук клубунун оюнчусу Виктор Кочетовду сабап өлтүрүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, “Ермак” футболдук клубу Калуга облусунун чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон үчүн Виктор Кочетов жана анын эки досу саунага барып эс алышкан. Сауна жабылгандан кийин алар жакын жердеги “Ташкент” кафесине барып, отурушун уланткан.

Ошол жерден алардын ортосунда Өзбекстандын үч жараны менен чыр чыгып, Виктор Кочетов токмоктолуп каза болгон.

Бул окуяга шектелип Өзбекстандын бир жараны кармалды. Дагы бир шектүү Россиядан чыгып кеткени белгилүү болгон. Маркумдун артында бир жарым жаштагы кызы калды.