Коронавирустан кийин ак кан болгондор катталууда

Коронавирус болуп ооругандан кийин ак кан илдетине чалдыккандар катталууда. Бул тууралуу 28-октябрда Коронавируска каршы ыкчам штаб уюштурган брифингде Улуттук онкология жана гематология борборунун Онкогематология бөлүмүнүн башчысы Шербет Жусупова билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш мутация болгон коронавирус онкогендик болушу ыктымал деген ойлорду жаратууда:

“Жаштар ооруп баштагандан бери, жеңил ооруп бүткөндөр арасында ак кан илдети байкалып жатат. Андыктан коронавирус онкологиялык ооруларды чакырууга да жөндөмдүүбү, изилдөө жүргүзүш керек деп ойлойм”.

Жусупова онкологиялык илдетке чалдыккандар эгер чектөөсү болбосо коронавируска каршы эмдөөдөн сөзсүз өтүшү керектигин, себеби аларда оорунун жана дарылоонун таасиринен улам ансыз да иммунодефицит бар экенин, башкаларга караганда бул вирустан көбүрөөк ооруй турганын кошумчалады.

Адистин айтымында, коронавирус мындай бейтаптардын кээ бирлеринин организминде жарым жылга чейин чейин сакталып, мутация болуп, башкаларга, жакындарына да коркунуч жаратууда. Кыргызстанда коронавирус 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашуун адамга жугуп, алардын 2,6 миңи каза болгону расмий айтылып келет.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да 2-3 эсе көп экенин айтып келишет.