Спорт

Күч түзүмдөрүнүн арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

ЖАМКнын кайтаруу жана күзөтүү департаментинде ички кызматтын  подполковниги А.Б.Жанаевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Мелдешке маркумдун достору, туугандары, кесиптештери жана 6 команда катышты. ИИМдин Ички аскерлери, Коргоо министрлиги, Улуттук гвардия, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институту, Коопсуздук жана Куралдуу Күчтөр башкармалыгынын командасы, ЖАМКнын департаменти жана Абжалбек Жанаевдин достору катышты.

 Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду КР ИИМнин Ички аскерлеринин командасы, 2-орунду Абжалбек Жанаевдин достору жана 3-орунду Аскер  институту ээледи.

Оюндун аягында мындай мелдешти ар жылы өткөрүү чечими кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button