Коом
Түрмөгө 15 миң сом акча киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. ФОТО
2021-жылдын 10-ноябрында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №1- түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан соттолгондорго акча киргизүү аракети токтотулду. Бул тууралуу ЖАМКнын коомчулук менен байланышуу Секторунун башкы адисти Элеонора Сабатарова билдирди.
Тактап айтканда, соттолгон адамга акча киргизип берүү аракети текшерүү учурунда кармалган. Күрмөнүн чөнтөгүнүн астына кылдаттык менен катылган 15 000 сом акча каражаты табылган.
Бул факты АИС ЭРППга катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.






