Коом

Коронавирус. 103 жаңы учур катталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 16-ноябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 35, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 531 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 528 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 6 киши айыгып чыкса, 2 миң 710 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button