Коом

Коронавирус. Акыркы суткада эки бейтап каза таап, 68 адам жуктурду

Өткөн суткада өлкөдө 68 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Айыгып чыккандар ооругандарга карата азыраак болуп, 57 адамды түзгөн.

Жаңы жуктургандар:

  • Бишкек – 29;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 3.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 183 931ге жетти. Анын ичинен 178 962 адам дартты жеңген. Жалпысынан оору 2768 кишинин өмүрүн алган.

Азыркы тапта өлкө боюнча 709 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 347си ооруканада болсо, 371 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button