Спорт

Айсулуу Тыныбекова Баткенге келди, спортчу бул жерде жаштарга мастер-класс өтөт

КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин чакыруусу менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна келди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус жетекчисинин дүйнө чемпионун өлкө борборунан миң чакырым алыс аралыктагы аймагыбызга чакыргандагынын максаты — Баткен облусунун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүү жана спортту сүйгөн жаштарга дем күч берүү болуп саналат.

Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында алгач КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен жолугушту.

Жолугушууда облус башчысы Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Тыныбекова даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо тилектери үчүн рахматын айтып, анын ар бир жеңиши өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арналаарын айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button