Пайдалуу кеңештер

Кызганчаактык бул — оору, өзүнө ишенбестик. Психологдун аныктамасы

Психолог Александр Колмановский кызганчаактык кайдан келип чыгарын жана андан кантип арылса болорун РИА Новости агенттигине айтып берди.

Адистин пикиринде, кызганыч — бул олуттуу психологиялык илдет, адамдын өзүнө болгон ишенбестигинин курчуп кетиши.

Ошондой эле Колмановский адам кызганчаак болуп туулбасын, бул илдет кийин ата-энесинин мээримин көрбөгөн балдарда калыптанарын айтты.

«Кээ бир ата-эне балдарын жерийт, бооруна тарта албайт. Айрым учурда болгон-толгон сүйүүсүн бергени менен кээде түртүп коёт. Мындай мамилени көргөн балада өзүнө ишенбестик, өзүмчүлдүк, жалгыздык сезими калыптанат. Көпчүлүк кишилер бала кезден калган кандайдыр бир өксүк менен чоңоёт. Кийин ошол боштукту түгөйүнүн эсебинен толтургусу келет», — деди психолог.

Ошондой эле адис адамдын кызганчаактык илдетине кабылганын кантип байкаса болорун түшүндүрдү.

«Мисалы, эркек кишини алалы. Ал жубайын башка эркектерден гана эмес, жумушунан, курбуларынан, жада калса балдарынан дагы кызганат. Аялынын көңүлү ага гана бурулуп турушун каалайт. Андай кишилер ар бир адамдын жеке өзүнө арнаган убактысы, өз кызыкчылыгы, өз алдынча өсүп-өнүгүүгө же эс алууга укугу бар экенин түшүнгүсү келбейт», — деди Колмановский.

Сөзүнүн аягында адис кызганчаак адамды адистерге кайрылып, дарылоо керектигин кошумчалады. Негизгиси ал кишиге үй-бүлөсүнүн жана сүйүктүүсүнүн жашоосунда канчалык маанилүү экенин жеткире түшүндүрүү керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button