Бишкекте милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Бишкекте милиция кызматкерлери бүгүндөн тарта 2022-жылдын 10-январына чейин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн атайын багыттагы полктун кызматкерлерине саптык кароо өткөрүлгөн.

Билдирүүдө айтылгандай, көрүлгөн чаралар ошондой эле шаар тургундарынын жана конокторунун коомдук коопсуздугун камсыздоо жана укук тартибин коргоо боюнча сапаттуу иштерди күчөтүүгө багытталган.