Коом

Кыргызстанда Спутник V вакцинасы эмнеге чыгарылбасы белгилүү болду

Орусиянын соода өкүлү Валерий Латыпов Кыргыз өлкөсүндө Спутник V вакцинасын даярдоо эмнеге дагы деле башталбай жатканын «Sputnik» маалымат агенттигине айтып берди.

Айтымында, негизги себеп Кыргыз мамлекети тарабынан бөлүнүп берилген аянтчанын тардыгынан улам вакцина өндүрүү жүзөгө ашкан жок.

“Бизге бөлүнгөн ишкананы барып көрүп келдик. Ал Спутник V вакцинасын даярдоого абдан эле тардык кылат. Ооба, ал жерде жогорку технологиялар орнотулуптур, жакшы медициналык шарттары бар экен, бирок биз ишке ашыра турган долбоор үчүн өтө тар. Эгер кеңейтүү мүмкүнчүлүгү болсо биз маселеге кайтып келүүгө даярбыз», — деген Латыпов.

Буга чейин Сокулук районундагы дары-дармек чыгарган ишкананы Валерий Латыпов баштаган орусиялык адисттер көрүп келгени кабарланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button