Коом

Бишкек шаарында ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү

2021-жылдын 24-декабрь күнү эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти. Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Ошондой эле,  Ысык-Көл ОИИБдин базасында түзүлгөн туристтик-экологиялык милиция жана Бишкек шаарындагы аймактык тескөөчүлөрдүн жаңы образы жана ишмердиги менен да таанышуу болду.

Милиция кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров милиция кызматкерлери коопсуздукту жөнгө салып туруу милдетин, ак ниеттүүлүк менен аткарып, коомдук өзгөрүүлөргө аргасыздан аралашуу менен  мамлекеттин туруктуулугуна чоң салым кошуп келгенин билдирди.

“Милиция кызматкерлери эң жогорку жүктөмдү чыңалган ритмде иштейт. Жарандардын, мыйзамдын жана мамлекеттин астында коргоодо турганын сизиши үчүн колуңуздардан келгендин баарын жазайсыздар. Жеке өзүңүздөргө, үй-бүлөнүздөргө убактыңыз жок экенин жакшы билебиз. Коомдук коопсуздук, жол коопсуздугу, адамдын коопсуздугу сыяктуу оор жоопкерчиликүү  жана ардактуу  иш бир да мамлекеттик органга жүктөлгөн эмес. Айылдабы, шаардабы,  короодобу, подьезддеби, көчөдөбү, коомдук жайлардабы, мектептеги, айтор бардык жерде тартипти орнотуп келе жатасыздар. Ушулардан тартып жарандарыбыздын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугу башталат. Ички иштер министрлигинин системасына жана милициянын кесибине ар дайым коомчулук тыкыр көз салып турат. Ошондуктан кыргыз милициясынын буга чейинки абройун, кадыр-баркын жогорулатуу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүп берип, маяналарды көтөрүп, кызматтык үйлөрдү берип, техникаларды жаңыртып, ички иштер органдарынын ишин  сапаттуу деңгээлге көтөрүү аракеттерин  көрүүдө жана Президентибиз Садыр Нургожоевичтин Кыргыз Өкмөтүнө болгон тапшырмасын аткаруудабыз.

Жаңы Кыргызстанды курууга багыт алды.  Демек, анын идеяларын ишке ашырууда баарыбыздын алган багытыбыз бир болушу керек. Кыргызстандын жарандары бийликтин  бутактарынан, мамлекеттик ведомстволорунан,  анын ичинде укук коргоо органдарынан өсүп-өнүгүүлөрдү күтүп жатат. Азыр артыкчылыктуу багыт элдин ишенимин жогорулатууда. Сиздердин эмгектин обьективдүү баасы жана милицияга болгон жалпы элдин урмат-сый мамилеси-бул жарандарыбыздын  эртеңки күнгө болгон ишенимдүүлүгү  жана коопсуздугу. Милиция кызматкерлеринин элге жумшак, адилет, калыс мамилеси,  этикасы бул аткаруу бийлигинин жүзү деп билемин. Бүгүнкү иштин максаты алдыда келе жаткан жаңы жылды тынч, аман-эсен тосуп алуу. Элибиз өзүнүн коопсуздугу ишенимдүү, кубаттуу колдо турганын сезиши керек.

Майрамдык иш-чаралар учурунда бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууну күчөтүп, коомдук-саясий кырдаалды катуу көзөмөлгө алыңыздар. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кыласыздар деп Сиздерге тапшырма беребиз. Урматтуу милиция кызматкерлери Сиздерди дагы бир жолу келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Бардыгыңыздарга жана жакындарыңыздарга чын ден соолук, узун өмүр-бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Келе жаткан жаңы жыл баарыбызга ийгиликтерди алып келсин. Жаңы жылыңыздар менен!”-деди Акылбек Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып.

Бул гарнизондук саптык кароодо өздүк курамдын көңүлү кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга сылык мамиле жасоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого бурулду.

2021-жылдын 28-декабрынан 2022-жылдын 1-январына чейин ички иштер органдарынын жылпы өздүк курамы күчөтүлгөн режиминде кызматын өтөшөт. Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button