Коом

Бишкектин жолдорун тазалоого 39 техника, 771 жумушчу чыкты

Ордо калаанын жолдорун кардан тазалоого 39 атайын техника жана 771 жумушчу тартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолду тазалоого таңкы саат 4:00дө чыгып, азыр да иштерин улантууда. Ордо калаанын 133 көчөсүнө 10 тонна туз себилген.

«Шаарды кардан тазалоого 39 атайын техника, 121 жүк жүктөгүч жана 650 көчө шыпыргыч тартылды», — деп айтылат билдирмеде.

Мэрия жол тазалоого байланышкан маселелер болсо же трасса боюнда тазаланбаган жерлер аныкталса, шаардыктар 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып же 1840 жана 1850 кыска номерлерине чала аларын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button