Саясат

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына учуп кетти – коштоп кеткендер

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button