Кыргызстандык футбол рефериси 2022-жылы Азия кубогунда калыстык кылат

Футбол боюнча Кыргызстандын FIFA калысы Рамина Цой 2022-жылкы кыз-келиндер улуттук курама командалары арасындагы Азия кубогунун оюндарында калыстык кылат. Бул туурасында Кыргызстандын Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Кубоктун финалдык этабы келерки жылдын 20-январынан 6-февралына чейин Индияда өтөт. Жалпысынан кубок үчүн 12 курама команда ат салышат.