Коом
Коронавирустан бир адам каза болуп, 40 адам жуктурду. Статистика

Бир суткада өлкөдө 40 адамдан коронавирус аныкталып, 50 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 14;
Чүй облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 2.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 184 592ге жетти. Анын ичинен 179 730 киши дартты жеңген. Тилекке каршы, оору бир адамдын өмүрүн алып, жалпы көз жумгандардын саны 2 799га жетти.
Азыркы тапта стационарда 266, ал эми амбулатордук шартта 312 адам дарыланып жатат. Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 7 092 адам өткөн. Анын ичинен 3 677си биринчи дозаны, 3 415 адам экинчи компонентти алганы айтылды.



