Мирбек Атабеков, Дөөлөт Сыдыков катышат. Кремль сарайында ири концерт өтөт

Россиянын мамлекеттик Кремль сарайында кыргыз диаспорасынын колдоосу менен достук мамиледеги жана өнөктөш мамлекеттердин гала-концерти өтөт. Бул тууралуу Кремль сарайынын расмий сайты жазды.

Ири концерт 15-январга белгиленген. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Европа жана Азиянын белгилүү артисттери катышат. Программада мыкты ырлар жаңырып, жылдыздардын дуэт аткара турганы айтылды.

Иш-чарага Кыргызстандан акын Жеңишбек Жумакадыр, манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчылар Мирбек Атабеков, Тимур Кожобеков, Байсал Изабеков жана Нурчолпон, “Шайыр апалар” тобу, “Улуу көч” фольклордук тобу катышат. Мындан сырткары, кечеге башка мамлекеттерден Озода Нурсаидова, Светлана Назаренко, AKCENT, RAY HORTON топтору, Нарек Бавеян, Зарина Тилидзе, ТОДЕС шоу-балети жана башкалар талантын тартуулайт.

Гала-концертке конок катары балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, альпинист Эдуард Кубатов, ишкерлер Денис Гайворонский, Чолпонбек Акматов, Жумадыл Эгембердиев, Асел Сыдыкова, Сайкал Асылбекова жана Чолпонбек Жумашүкүров чакырылган.

Олимпиаданын күмүш байге ээси аталган иш-чарага социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакырып өткөн.