Дүйнө

Казакстандын бийлиги ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн иши тууралуу билдирди

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Казакстандагы тынчтык орнотуучу күчтөрү коргоо жана коопсуздук иштерин аткара турганын Казакстандын президентинин администрациясы билдирди.

«Миссия тынчтыкты сактоо күчү болуп саналат. ЖККУнун жоокерлери согуштук аракеттерге катышпайт… ЖККУнун тынчтык күчтөрү коргоо жана коопсуздук иштерин аткарат», — деп билдирди Казакстандын президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Даурен Абаев Sputnik Казакстан агенттигине.

Анын айтымында, 6-январда Алматаны тазалоо операциясын «Арыстан», «Арлан», «Бүркүт» кичи бөлүкчөлөрүнүн жана Коргоо министрлигинин күчтөрү жүргүзгөн.

Эскерте кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Алгач өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматада 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган. 19-январга чейин Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилген.

5-январда эртең менен өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, республиканын Коопсуздук кеңешин жетектеп, анын биринчи жыйынында Казакстандагы абалды «мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу» деп атап, ЖККУга «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Күчтөр өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында чектелген мөөнөткө жөнөтүлөт.

Булак: РИА Новости

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button