Саясат

Эрбол Султанбаев: “Президенттин сөздөрүн туура чечмелөөнү өтүнөм”

Президенттин маалымат катчысы Эрбол  Султанбаев   Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Казакстандагы окуя боюнча  жазганы тууралуу Фейсбук баракчасына билдирүү таратты.

“Кымбаттуу достор!

Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем.

Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан КРнын бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди.

Редакциялардан Президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм”,-  деп жазды.

Эскерте кетсек,  Өлкө башчы Садыр Жапаров Алматыда кармалган кыргыз жараны тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына  билдирүү  жазган.

Анын айтымында, эгер кыргыз жараны акыйкатсыз жоопко тартылганы жатса кыргыз бийлиги ал үчүн катуу күрөшөт.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

«Урматтуу Кыргызстандыктар! Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.

Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.

Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингке катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү», — деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button