Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Казакстандагы окуялар боюнча үн катты

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева атасына колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазычылык билдирип, ал эми башаламандык учурунда жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтты. Бул тууралуу анын Instagram баракчасындагы постуна шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

“Өлкөбүздө болгон трагедиялуу окуяларды абдан оор кабыл алдым. Бул кайгыны сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам. Бул биздин тарыхыбызда сабак болуп калсын деп тилейм. Тынч заманда адамдардын массалык түрдө каза болгону туура эмес”, — деди Назарбаева.

Ошондой эле ал колдоо көрсөтүп жаткан мекендештерине ыраазычылыгын билдирди.

“Мындай оор күндөрү менин атамды колдоп жаткандарга ыраазымын. Ар кайсы аймактардан ага каттар келип жатат”, — деди Назарбаева.

Бирок ал өзүнүн постуна комментарий калтыруу мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон.