Айсулуу Тыныбековага эки батир берилди. Эркин күрөш боюнча балбандар батирлүү болушту

Кечээ, 13-январда, Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 13-14-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө.

Чемпионаттын ачылышында күрөш боюнча Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана дүйнө чемпионатынын байге ээлерин сыйлоонун расмий аземи өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директору Канат Шабданбаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурланбек Исмаилов, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев, машыктыруучулар, спортчулар жана демөөрчүлөр катышты.

Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызына батирлердин ачкычын тапшырды.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматаливге эки бөлмөлүү батир жана дүйнө чемпионатында күмүш байгесинин ээси Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батир батирди.

Мындан тышкары, машыктыруучулар Руслан Маджинов, Ислам Тазабеков жана Нурлат Такировдор акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президент Динара Исаева кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен Айсулуу Тыныбековага батирлердин ачкычын тапшырды.

“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алибек Осмоновго бир бөлмөлүү батир белек кылды.