Казакстанга кеткен кыргыз аскерлери өлкөгө келишти

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган аскердик контингент бүгүн, 14-январда кайтып келди.

Кыргызстан келишимдин алкагында Казакстанга кыргызстандык 150 жоокер, 8 зооттолгон техника жана 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн.

Бүгүн алар кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” посту аркылуу Кыргызстандын аймагына келишти.

Журналисттер менен чогуу аскерлерди КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тосуп алды.

Ал коңшу Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУнун алкагында Кыргызстандын аскердик контингентин Казакстандын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө тапшырма бергендигин эске салды. “7-январда бизди аскерлер Казакстанга барып, өз миссияларын аткарууга киришкен. Кыргыз аскер кызматчылары Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышты. Миссия аткаруу учурунда эч кандай кырсыктар катталган эмес жана жеке курам, техника толук курамда эсен-аман келишти”, – деди журналисттерге Ташиев.

Эскерте кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Алгач өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматада 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган.

5-январда эртең менен өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, республиканын Коопсуздук кеңешин жетектеп, анын биринчи жыйынында Казакстандагы абалды “мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу” деп атап, ЖККУга “террордук коркунучту жеңүүгө” жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Күчтөр өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында чектелген мөөнөткө жөнөтүлөт.