Окуялар
Депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакыртылды
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жатышат, деп жазды Super.kg маалымат агенттиги.
Маалыматка ылайык, ал 14-январда саат 16:00гө суракка чакырылган.
УКМК бул боюнча маалымат бере элек.
Учурда аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат.