Бишкектен бир адам поезддин алдында калып жан берди. Бул тууралуу Свердлов РИИБи маалымдады.
Маалыматка ылайык, Мухтар Ауэзов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен поезд адамды сүзүп кеткен. Жаракат алган адам ошол жерден жан берген. Учурда кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.