Коом

Журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровдун иши башкы прокурордун жеке көзөмөлүндө

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун кылмыш иштеринин тергөөсүнүн мыйзамдуулугуна Бишкек шаардык прокуратурасы көзөмөл жүргүзүүдө. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Ошондой эле аталган кылмыш иштерди башкы прокурор жеке көзөмөлүнө алды. Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан Болот Темиров жана Болот Назаровдун кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган», деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.

Эртеси, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Ошол эле күнү төкмө акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button