Коронавирус. 202 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 1-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 69, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 14 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 547 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт кыргызстандык каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 63 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 903 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 518 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 884 адам каза болду.