Коом

Коронавирус. 202 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза тапты

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 202 кишиден коронавирус табылып, 591 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 107;

Ош шаары – 2;

Чүй облусу – 46;

Ош облусу – 2;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 18;

Жалал-Абад облусу – 14;

Баткен облусу – 7.

Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 199 164кө жетип, анын ичинен 189 983ү дартты жеңген. Азыркы тапта ооруканаларда 966 бейтап дарыланып жатса, 3 784 адам медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда. Стационардагылардын ичинен 359 бейтаптын абалы оор болсо, 68 кишинин абалы өтө оор деп бааланды.

Тилекке каршы, өлкөдө өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери илдет үч кишинин өмүрүн алган. Алардын экөө Бишкектен, бирөө Нарындан экени айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button