Окуялар
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-февралда саат 07:20 чамасында Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы көпүрөдөн «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү унаа түшүп кетткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Ысык-Көл районунун №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, 27 жаштагы С.С. эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарышып, маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



