Коронавирус. 83 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза тапты

Өткөн суткада 83 кишиден коронавирус табылып, 380 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 63;

Ош шаары – 1;

Чүй облусу – 6;

Талас облусу – 1;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 9;

Жалал-Абад облусу – 2.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 199 519га жетти. Анын ичинен 191 089 адам дартты жеңген. Кечээтен бери оору үч бейтаптын өмүрүн алып, жалпысынан 2 905 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта 819 бейтап стационарда, ал эми 3 161 киши амбулатордук шартта дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 64 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.