Коронавирус 46 адамдан аныкталып, дагы 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 14-февралга карата коронавирус 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 485 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 119 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 66 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 971 киши айыгып чыкса, 2 миң 930 адам каза болду.