Бишкекте жылыткычка күйгөн эки жашар бала чарчап калды

Бишкекте жылыткычка күйгөн эки жашар бала ооруканада чарчап калды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан агенттикке кабарлашкандай, 15-февралда Сокулук райондук ИИБсине Бишкектин аймактык ооруканасынан билдирүү түшүп, анда 2019-жылы туулган Т.А., аттуу бала күйүк менен түшүп, алган жараатынан улам ошол эле күнү кечинде чарчап калгандыгын айтышкан.

Алдын ала маалыматка караганда, бала жылыткыч күйүп кетип күйүк алган.

Азыркы учурда окуянын чоо-жайы такталууда, тергөө амалдары уланууда.