Коом

Бишкек мэрия 4 медклиника менен келишимди бузуп, имаратты бошотууну талап кылды

Бишкек шаарынын мэриясы төрт медициналык клиника менен имаратты ижарага берүү келишимин бузду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Калаадагы объектилерди эффективдүү колдонуу максатында социалдык маанилүү имараттарды шаардын балансына кайтаруу иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленген.Натыйжада төмөнкү ижарачылар менен келишим бузулган:

Жантөшев көчөсү 177 дарегинде жайгашкан «Алмаз Исманкуловдун көз микрохирургия» клиникасы. Имараттын жалпы аянты 1075,8 чарчы метр;

Ушул эле даректеги «Офтальмология» ЖЧК (аянты 32 чарчы метр) жана «Юни Хелп» ЖЧКсы (аянты 30 чарчы метр);

Москва көчөсү 225 дарегиндеги «Камэк» көп тармактуу клиникасы», аянты 532,5 чарчы метр.

Кабыл алынган чечимдин негизинде ижарачыларга жакынкы күндөрү имараттарды бошотуу тууралуу кабарлама жиберилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button